Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Япония Орусияга каршы жаңы санкцияларды жарыялайт

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Апр 2022 | 1156 | 0

Япон бийлиги Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизет. Бул тууралуу «Киодо» агенттиги жазды.

Басылманын маалыматына ылайык, Япониянын премьер-министри Фумио Кисида Орусияга салынган жаңы санкциялардын тизмесин бүгүн, 8-апрелдеги жыйында жарыялайт.

Болжолдо жаңы санкция энергетика тармагына, ошондой эле Орусиядан көмүр импорттоого салынышы мүмкүн.

Буга чейин АКШ Орусияга каршы санкциялар пакетин кеңейтип, ага сегиз адамды жана орусиялык 29 түзүмдү кошкону белгилүү болгон.

Ал эми Евробиримдик (ЕБ) өлкөлөрү да Орусияга каршы санкциялардын бешинчи пакетин макулдашкан. Чектөөлөр, ишкерлерге, журналисттерге жана аскерлерге таасирин тийгизет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM