Биз менен байланышыңыз

Токаев 26-майда Кыргызстанга алгачкы иш сапарын жасайт

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Апр 2022 | 348 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу «Акорда» сайты билдирди.

Президенттер соода-экономикалык кызматташтыкты жана эл аралык аренада өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө басым жасоо менен казак-кыргыз стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 26-майда Кыргызстанга расмий сапар менен келүүнү пландап жатат.

Бул анын Кыргызстанга жасаган алгачкы иш сапары болуп саналат.

Токаев анын  Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүнө олуттуу түрткү берерин белгиледи.

Ал ошондой эле Садыр Жапаровду «Кумтөр» алтын кенинин статусу боюнча сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү аякташы менен куттуктады.

Мындан тышкары президенттер Рамазан айынын башталышы менен куттукташты.

Эске салсак, 4-апрелде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өлкө элине кайрылуу жасаган. Ал өз сөзүндө «Кумтөр» кени толугу менен Кыргызстанга кайтарылганын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM