Биз менен байланышыңыз

Орусиянын Думасы: Жириновский узакка созулган оорудан улам көз жумду

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Апр 2022 | 1577 | 0

Оор жана узакка созулган оорудан улам Орусия Либерал-демократиялык партиясынын төрагасы Владимир Жириновский каза болду. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володин Telegram баракчасына билдиргенин чет элдик басылмалар жазды.

«Жаркын, таланттуу саясатчы. Көп нерсени алдын ала билген адам. Мамлекеттик Думадагы ЛДПР фракциясынын лидери болчу. Ал ар дайым саясатта жигердүү иштерди жасачу», — деп жазган Думанын төрагасы.

Володиндин айтымында, Жириновскийдин саясатттагы орду масштабдуу болгондуктан, ЛДПР партиясынын лидерисиз азыркы Орусиянын саясий системасынын өнүгүү тарыхын элестетүү кыйын. Анын ишине эң жакшы баа шайлоочулардын колдоосу болгон.

Буга чейин 25-мартта орусиялык басылмалар анын өлүмү тууралуу жазып чыгышкан. Анда Володин бул маалыматты четке каккан. 2-февралда коронавирус жуктуруп алган Жириновский Борбордук клиникалык ооруканага жаткырылган. ММКлар анын өпкөсү катуу жабыркаганын жазышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM