Биз менен байланышыңыз

Байден Украинага дагы 100 млн доллар аскерий жардам бөлөт

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Апр 2022 | 308 | 0

АКШ Украинага дагы 100 миллион доллар аскерий жардам жөнөтөт. Тиешелүү жарлыкка Жо Байден кол койду. Бул үчүн АКШнын Коргоо министрлигинин каржысы кыскартылары белгиленген.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жаңы жардам пакетине танкка каршы системалар кирерин айтып, 2021-жылдын августунан бери Пентагондун кампаларынан курал-жарак же техника Киевге алтынчы жолу берилип жатканын белгиледи.

Блинкен АКШ жана анын союздаштары: «Украинанын коргонуусун бекемдөө үчүн коопсуздук боюнча жардам көрсөтүүнү улантат, ошондой эле экономикалык жана гуманитардык колдоо көрсөтөт», — деп ишендирди.

Байдендин айтымында, АКШ Украинага абадан коргонуу системаларын, танкка каршы системаларды, аткыч куралдарды, учкучсуз учактарды жана ок-дарыларды жөнөтүүдө.

АКШнын келерки жылдын бюджетинин долбоорунда Украинага жардам көрсөтүү үчүн 682 миллион доллар бөлүү каралган. АКШ буга чейин Украинага Орусиялык согуш аракеттери башталгандан бери 1,6 миллиард доллар, Жо Байдендин башкаруусу башталгандан бери 2,3 миллиард доллар бөлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM