Биз менен байланышыңыз

Түркия Украинага элчилигин кайра жөнөткөн биринчи өлкө болду

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Апр 2022 | 309 | 0

Түркиянын Украинадагы элчилиги Черновцыдагы бир айдан ашуун убакыт эвакуациясынан кийин Киевдеги ишин улантты. Муну менен Орусиянын согуштук аракеттери башталгандан берки Украинанын борборуна кайтып барган биринчи дипломатиялык өкүлчүлүк болду.

«Биз убактылуу ишмердигибизди Черновцыга көчүрдүк. Ал биздин иштеп жаткан логистикалык борборго айланды. Бүгүн биз өз үйүбүзгө, Киевге кайттык», — деп билдирди элчилик.

Белгилей кетсек, 11-мартта Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Украинанын борборунан элчиликти көчүрүү башталганын билдирген. Шаардан чет элдик элчиликтерди чыгарып кетүү Орусиянын Украинадагы согуштук аракеттери баштала электе эле ага бир жумадай калганда, АКШ, Улуу Британия жана башка бир катар өлкөлөр элчиликтерин Львовго көчүргөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM