Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде 1-орунду сактап калды

Кыска кабар , Спорт | 6 Апр 2022 | 770 | 0

Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде 1-орунду сактап калды. Жаңыланган рейтинг 28-марттан 3-апрелге чейин Будапештте (Венгрия) өткөн күрөш боюнча Европа чемпионатынын жыйынтыгынын негизинде түзүлдү.

Маалыматка ылайык, 62 кг салмак ченинде болгариялык Тайбе Мустафа Юсеин Европа чемпиону болду. Бул жыйынтык ага Олимпиада чемпиону Юкако Каваини озуп өтүп, дүйнөлүк рейтингде 2-орунга көтөрүлүүсүнө мүмкүндүк берди.

Айта кетсек, кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөлүк рейтингде Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакта биринчи орунда, Айпери Медет кызы 76 кг салмакта 2-орунда турат.

Мындан тышкары дүйнөлүк рейтингдин алдыңкы ондугуна грек-рим күрөшү боюнча 3 кыргызстандык балбан кирди.

Жоламан Шаршенбеков 60 кг салмакта 2-орунду, Акжол Махмудов 77 кг салмакта 5-орунду, Сардарбек Конушбаев 55 кг салмакта 7-орунду ээледи.

Булардан тышкары грек-рим күрөшү боюнча дагы 8 балбан рейтингдин жалпы тизмесинен орун алды.

Жаңыланган рейтинг Болгарияда өткөн Европа чемпионатынын жыйынтыгынын негизинде түзүлдү.

Ал эми эркин күрөш боюнча жалпы рейтингге Кыргызстандан 1о балбан кирип, алардын бирөө гана, 70 кг салмакта Эрназар Акматалиев 2-орунду ээлеп, алдыңкы ондукка кирген.

Азия чемпионаты 19-24-апрелде Монголияда өтөт. Мунун негизинде да рейтингге өзгөрүүлөр кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM