Биз менен байланышыңыз

АКШ Орусияга каршы жаңы санкцияларды жарыялайт

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Апр 2022 | 283 | 0

АКШ президентинин маалымат катчысы Жен Псаки Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүү ниеттери бар экенин ырастады. Бул тууралуу «РИА Новости» билдирди.

АКШ бүгүн, 6-апрелден тарта Орусия Өкмөтүнүн мүчөлөрүнө, каржы институттарына жана бизнесине каршы жаңы санкцияларды киргизет. Ошол эле учурда Ак үй алар кайсы чиновниктерге жана уюмдарга чара көрөрүн ачык айта элек.

Буга чейин Bloomberg агенттиги АКШ жана Европа компанияларына Орусияга инвестиция салууга тыюу салынарын билдирген. Тиешелүү чечимди АКШ, Евробиримдик жана G7 өлкөлөрү кабыл аларын Вашингтондун расмий өкүлү басылмага билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM