Биз менен байланышыңыз

Орусия Евробиримдиктин санкцияларына жооп даярдап жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Апр 2022 | 282 | 0

Орусия Евробиримдик киргизген санкцияларга жооп кайтаруу чараларынын үстүндө иштеп жатат. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Грушко билдиргенин ТАСС агенттиги маалымдады.

«Албетте, биз жооп кайтаруу чараларын көрөбүз. Экономикалык жана башка чөйрөлөрдөгү мыйзамдуу кызыкчылыктарыбызды коргоо үчүн тийиштүү чараларды иштеп чыгабыз», — деди ал.

Евробиримдиктин Орусияга каршы санкцияларынын бешинчи пакетинде соода, транспорт, көмүр боюнча чектөөлөрдү, ошондой эле жаңы башка санкцияларды камтыйт деп болжолдонууда.

Өз кезегинде Еврокомиссиянын (ЕК) башчысы Урсула фон дер Ляйен жаңы санкциялар пакетинин бир бөлүгү төрт негизги банк, анын ичинде ВТБ менен ар кандай операцияларга тыюу салуу болорун айтты. Анын айтымында, бул кредиттик мекемелердин жалпы үлүшү Орусиянын банк секторунун 23 пайызын түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM