Биз менен байланышыңыз

Илон Маск Twitterдин директорлор кеңешине кирет

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Апр 2022 | 207 | 0

Америкалык ишкер Илон Маск Twitter социалдык тармагынын директорлор кеңешине кирет. Бул тууралуу социалдык тармактын директору Параг Агравал өз баракчасына жазды.

«Ал биздин кеңештин ардактуу мүчөсү болот», — деди Агравал.

Маск жакынкы айларда Twitterди жакшыртуу ниетин билдирди.

Буга чейин АКШнын Баалуу кагаздар комиссиясы Илон Маск Twitterдин 9,2% акциясына ээлик кылган маалыматтарды жарыялаган.

Ал эми Forbes журналы «Tesla» жана «SpaceX» компанияларын жетектеген ишкер Илон Маскты дүйнөдөгү эң бай адам деп билдирген. Анын өткөн жыл ичинде байлыгы дээрлик 70 миллиард долларга көбөйүп, 219 миллиард долларга жеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM