Биз менен байланышыңыз

Дүйнө чемпиондугу-2023: Кыргызстан хоккейчилеринин алгачкы атаандашы аныкталды

Кыска кабар , Спорт | 5 Апр 2022 | 372 | 0

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасынын 2023-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатындагы алгачкы атаандашы аныкталды. Кыргыз курамасы 2022-жылы төртүнчү дивизиондун командаларынын арасында турнирди өткөрүү менен дүйнөлүк чемпионатта дебют жасаган.

Турнир Бишкекте 5 команданын катышуусунда өткөн. Кыргызстан командасы бардык беттешинде жеңишке жетип, үчүнчү дивизионго жолдомо алган.

Үчүнчү дивизион эки тайпадан турат. «В» тайпасындагы турнир 13-18-мартта Кейптаун шаарында үч команданын: Босния, Герцеговина, Таиланд жана Түштүк Африканын катышуусунда өттү. Ошондой эле Гонконг курама командасы ойношу керек болчу, бирок алар коронавирус пандемиясынан улам баш тартты.

Түштүк Африка турнирди жеңип, үчүнчү дивизиондун «А» тайпасына өттү.

«В» тайпасында 2-орунду Таиланд курамасы ээледи. Алар эми 2023-жылы Кыргызстанга атаандаш болот.

Босния жана Герцеговина курама командасы 3-орунга ээ болду. Алар бир тайпада калышы, же төртүнчү дивизионго түшүп кетиши мүмкүн. Ошондой эле турнирдин «А» тайпасында акыркы орунду ээлеген команда үчүнчү дивизиондун «В» тайпасына түшөт.

Ушул күндөрү Люксембургда БАЭ, Түркия, Люксембург, Кытай, Тайбэй жана Түркмөнстан командаларынын катышуусунда үчүнчү дивизиондун «А» тайпасындагы командалар арасында турнир өтүүдө.

Топтордун акыркы курамы май айында Финляндияда өтүүчү Эл аралык хоккей федерациясынын конгрессинен кийин белгилүү болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM