Быйыл Бишкекте сугат эрте башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, «Бишкек жашыл чарба» ишканасы учурда Каралаев, Абдрахманов, 7-апрель, Ибраимов, Байтик Баатыр, Ахунбаев көчөлөрүндөгү, Эркиндик бульварындагы, ошондой эле Көк-Жар конушундагы, андан тышкары ар кандай коомдук мекемелердин айланасындагы, Ататүрк, Жеңиш, Жаштык парктарындагы жашыл майсаңдарды автоматтан сугаруу иштерин жүргүзүп жатат.
Ошондой эле Жеңиш аянтында, Жаш Гвардия бульварында, Байтик Баатыр жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде гүлбакча отургузулууда.
Белгиленгендей, бул жылы жер кыртышындагы нымдуулукту мүмкүн болушунча сактап калуу үчүн өсүмдүктөрдү сугаруу эртерээк башталган.