Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан хирургиялык кол кап чыгарат

Кыска кабар | 5 Апр 2022 | 332 | 0

Медициналык буюм-тайым, дары-дармек чыгарган кыргыз-өзбек өндүрүшүн ачуу келишимине кол коюлду. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы билдирди.

Келишим Өзбекстандын Фармацевтика тармагын өнүктүрүү агенттиги менен «Аю Фарм» ЖЧКсынын ортосунда түзүлдү. Ага ылайык, өндүрүштүк ишкана Кыргызстандын аймагында болот.

Документте фармацевтика тармагындагы инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү каралган. Алгачкы кадам катары хирургиялык латекс кол кап чыгарган өндүрүш ишке киргизилет.

Акырындык менен башка буюмдарды, эң негизгиси, дары-дармек чыгаруу колго алынат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM