Биз менен байланышыңыз

Казакстан ичкилик көп колдонгон өлкөлөрдүн катарына кирди

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Апр 2022 | 212 | 0

Казакстан ичкилик ичүү боюнча дүйнөдө алдыңкы орунга чыкты. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Ажар Гиният билдиргенин «Спутник Казакстан» жазды.

Министрдин айтымында, орто эсеп менен казак эркек бир жылда 25 литр арак ичсе, казак аял 9 литрге жакын арак ичет.

«Тилекке каршы, Казакстан алкоголдук ичимдиктерди колдонуу боюнча Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун рейтингинде 10-орунда турат. Жол кырсыктан, зордук-зомбулуктан көз жумгандар, ууланып каза болгондор өтө көп. Мунун баарына ичкилик себеп болуп жатканы маалым», — деди Гиният.

Казакстанда 15 жаштан өйдөкү эркектердин 38%ы, аялдардын 6,4%ы тамеки тартат. Бул жалпы калктын 21,5%ын түзөт.

Ал эми 15 жашка чейинки өспүрүм балдардын 10%ы, кыздардын 6%ы чылым чегет. Негизинен казак жаштарынын арасында тамекиге кызыгуу дээрлик 17-18 жашында башталат.

Ошондой эле электрондук тамеки тарткан балдар-кыздар да көбөйүп баратканы да айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM