Биз менен байланышыңыз

Украин качкындары кайсы өлкөлөргө кетүүдө?

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Апр 2022 | 493 | 0

Коңшу өлкөлөргө Украинадан 4,2 миллиондон ашык качкын келген. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгы билдирди.

Маалыматка караганда, 24-февралдан 3-апрелге чейин Украинадан чыгып кеткен жергиликтүүлөрдүн саны 4 миллион 215 миң 47ге жеткен.

Алардын 2 млн 451 миң 342си Польшага, 390 миң 302си Венгрияга, 301 миң 405и Словакияга, 350 миң 632си Орусияга, 394 миң 740ы Молдовага, 643 миң 58и Румынияга, 15 миң 281и Беларуска, 331 миңи Батыш Европага баш калкалашкан.

2022-жылдын 1-январына алынган статистика боюнча Украинанын (Крымсыз, бирок Донбасс аймагы менен кошо) 41 миллион 167 миң 300 жараны бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM