Биз менен байланышыңыз

Түштүк Осетия кайра Орусиянын курамына кириши мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Апр 2022 | 235 | 0

Түштүк Осетияда эки референдум өтүшү мүмкүн: биринчиси, Түндүк Осетияга биригүү; экинчиси, алар менен кошо Орусияга өтүү. Бул тууралуу эл аралык коомчулук тааный элек өлкөнүн президенти Анатолий Бибилов «РИА Новостиге» берген маегинде билдирди.

Бибилов буга чейин Цхинвал жакында Орусиянын курамына кирүү үчүн мыйзамдуу кадамдарга барарын билдирген. Анын айтымында, азыр Москва менен кеңешме жүрүп жатат.

Маалыматка караганда референдум 10-апрелден кийин өтүшү мүмкүн.

«Биз түшүнүшүбүз керек, Орусияга түздөн-түз кирүүгө, осетиндерди түз бириктирүүгө болбойт, анткени ага мыйзам жол бербейт. Түштүк Осетия Орусиянын курамына киргенде, Осетияны бириктирүү процесси жүрүп, андан кийин эки референдум болушу керек», — деди ал.

Бибилов белгилегендей, Орусиянын аймактарын бириктирген мисалдар бар.

«Анда Орусиянын эки субъектинде эки референдум болушу керек. Бул — кырдаалдын өнүгүшүнүн, осетиндер менен Осетиянын биригүүсүнүн эки баскычы», — деп жыйынтыктады Түштүк Осетиянын башчысы.

Белгилей кетсек, Москва 2008-жылдын 26-августунда Абхазия менен Түштүк Осетиянын эгемендигин тааныган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM