Биз менен байланышыңыз

Волейбол: Кыргызстандын Азия чакырык Кубогундагы атаандаштары аныкталды

Кыска кабар , Спорт | 5 Апр 2022 | 437 | 0

Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасынын Азиянын чакырык кубогундагы атаандаштары белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, турнирде 7 команда 2 тайпага бөлүнүп беттешет. Буга чейин Макао да катышары айтылып, кийинчерээк команда оюндан баш тарткан.

Чучукулактын жыйынтыгында Кыргызстан «А» тайпасында Бириккен Араб Эмираттары жана Монголия менен ойной турган болду.

Белгилей кетсек, мелдеш Кыргызстанда 2020-жылы өтүшү керек болчу, бирок пандемиядан улам белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

Турнир 28-августтан 4-сентябрга чейин Бишкекте өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM