Биз менен байланышыңыз

Казакстан буудай жана унду экспортоого убактылуу чектөө киргизиши мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Апр 2022 | 256 | 0

Казакстан ички рыногун коргоо үчүн буудай жана унду экспортоого убактылуу чектөө киргизиши мүмкүн. Бул тууралуу Казакстандын айыл чарба министри Ербол Карашукеев маалымдаган.

«Учурда буудай жана ундун экспортуна чектөө киргизүүнүн үстүндө иш алып баруудабыз», — деп билдирген министр.

Карашукеевдин айтымында, бул чаралар жергиликтүү дыйкандардын тегирменчилерге дан сатпай жатканынан улам кабыл алынууда. Анткени дыйкандар ички базарга сатууну каалабай, экспорттук баанын кымбатташын күтүүдө.

Казак өкмөтү учурда Казакстанда буудай жана ундун запасы ички рынокту толук камсыздоого жетерин, андан сырткары экспортко да аша турганын билдирүүдө. Бирок, экспортко коюлган чектөө качан киргизилери азырынча так айтыла элек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM