Биз менен байланышыңыз

Евробиримдиктин Орусияга каршы жаңы санкциялары болжолдонууда

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Апр 2022 | 553 | 0

Евробиримдиктин Орусияга каршы жаңы санкциялары учактарды лизингге алууга, авиамай ташууга, болот буюмдарга жана да башка кымбат баалуу буюмдарга салынышы мүмкүн. Мындай маалыматты CNBC телеканалы билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, санкциялардын бешинчи пакети дагы эле иштелип чыгууда. Анын өзгөрүүгө учуроо ыктымалы бар. Санкцияларга Орусиянын энергетикалык импортуна эмбаргону кошуу-кошпоо боюнча Евробиримдик өлкөлөрү дагы эле бир пикирге келе элек. Жаңы чектөө чаралары ушул жуманын аягында бекитилет.

Буга чейин Евротоптун төрагасы Паскаль Донохью 5-апрелде Евробиримдик өлкөлөрүнүн экономика жана каржы министрлери Бучадагы кырдаалга байланыштуу Орусияга салына турган жаңы санкцияларды Люксембургдагы жыйында талкуулашарын кабарлаган.

Кошумчалай кетсек, АКШ ушул аптада Орусияга каршы жаңы санкцияларды жарыялоого ниеттенүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM