Биз менен байланышыңыз

Кытайда коронавирустун жаңы штаммы кайра күч алды

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Апр 2022 | 226 | 0

Кытайдын эң ири шаарларынын бири Шанхайда коронавирустун жаңы штаммы «стеллс-омикронго» чалдыккандар көбөйүүдө . Бийлик илдет менен күрөшүү үчүн 10 миңден ашык дарыгер жөнөттү. Шаарда жалпы тестирлөө жарыяланып, 26 миллионго жакын тургуну сөзсүз өтүүгө милдеттендирилди. Бул тууралуу «МИР-24» жазды.

Учурда Шанхайдын көчөлөрү ээн калып, дүкөндөрдүн көпчүлүгү жабык турат. Ачык дүкөндөрүнүн текчелери да бош, анткени тургундар обочолонууга даярдануу үчүн баарын алдын ала сатып алып коюшкан.

5-апрелге карата өлкө боюнча 13 миңден ашык адамдан коронавирус илдети аныкталды. Дээрлик баары симптомсуз. Бийлик вирустун жаңы штаммын жайылтпоо үчүн көзөмөлдү күчөттү.

Жарандар өзүн-өзү тесттен текшерүүгө милдеттүү. Дарыгерлер керектүүлөрдүн баарын үйлөрүнө жеткирип берип жатышат.

Бүгүн, 5-апрелде Шанхайда карантин бүтүшү керек болчу. Бирок бийлик кандай чечим чыгарары белгисиз.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда акыркы эки жылда биринчи жолу эки суткада бир дагы коронавирус учуру катталган жок. Өлкөдө СOVID-19 инфекциясынын биринчи учуру 2020-жылдын 18-мартында катталган. Ошондон бери өлкө коронавирустун бир нече толкунун башынан өткөрдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM