Биз менен байланышыңыз

Перу: Күйүүчү май кымбаттап, нааразылык акциялары уланууда

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Апр 2022 | 290 | 0

Перуда күйүүчү майдын кымбатташына байланыштуу айдоочулардын нааразылык акциялары уланууда. Кечээ алар бир нече кан жолду бууп салышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.

Өлкө бийлиги бензинге болгон салыкты июнь айынын аягына чейин азайтканы менен ал май куюучу жайлардагы баага таасир эткен жок. Өлкөнүн бардык аймагында башаламандык орун алууда. Полиция нааразылык акцияларына чыккандарды күч менен таркатууга өттү. Мындан улам кечээ төрт адам, анын ичинде бир бала көз жумду.

Апта башынан бери өлкөнүн көптөгөн мектептеринде сабактар ​​токтотулуп, миңдеген перулуктар жолдор жабылгандан улам жумушка чыга албай калышты.

Белгилей кетсек, Европада бензиндин баасына байланыштуу жалпы нааразылык акциялары токтобой жатат.

Мунайга болгон суроо-талаптын жогору болушу жана ОПЕКтин өндүрүштү көбөйтүүдөн баш тартуусу бүткүл дүйнөдө бензин менен дизелдин кескин кымбатташына алып келди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM