Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Бүгүн да илдетке чалдыккандар катталган жок

Кыска кабар | 5 Апр 2022 | 177 | 0

5-апрелге карата COVID-19га чалдыккандар катталган жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 4-апрелде да өлкө боюнча коронавирустук инфекциянын жаңы учуру катталган эмес.

Маалыматка ылайык, акыркы суткада 9 адам илдеттен сакайып чыккан.

Бүгүнкү күндө стационарларда 91 бейтап, амбулатордук түрдө 41 бейтап дарыланып жатат.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 968 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 257 киши айыгып чыгып, 2 миң 991 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM