Биз менен байланышыңыз

Украина: Буча шаары өлүктөргө толуп калды (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Апр 2022 | 398 | 0

Орус армиясы бошотуп таштап кеткен Украинанын Буча шаары болуп көрбөгөндөй кыргынга учураганын чагылдырган видео жана сүрөт материалдар тарады. Андан шаардын бардык көчөсүнөн боо түшкөн өлүктөрдү көрүүгө болот. Ал эми Орусия муну «чагым», «атайын жасалган» дешүүдө.

Видеодон көрүнүп тургандай, алардын айрымдарынын колу аркасына байланган абалда табылган.

Буча шаарынын мэри Анатолий Федорук башына ок тийип каза болгон адамдар бар экенин, шаар өлүккө толуп калганын айткан. Журналисттердин маалыматы боюнча, айрым мейиттер жолдо бир нече күн, ал тургай жумалап жатышы мүмкүн.

Украина шаар бийлигин кайрадан өздөрүнө алгандан кийин Бучадагы көрүстөндөргө 280 адамды жашырышкан.

БУУнун маалыматы боюнча, 2-апрелге карата Украинада кеминде 1417 жай тургун, анын ичинде 121 бала набыт болуп, 2038 киши жарадар болгон. Уюм чыныгы жоготуулар алда канча көп экендигин белгилейт.

Эске салсак, Орусиянын Украинага кол салуусу 24-февралдан бери токтобой келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM