Биз менен байланышыңыз

Европа: Газдын кымбатташы жылуулукту үнөмдөөгө алып келди

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Апр 2022 | 285 | 0

Европаны кар каптап турат. Ал ортодо газ жана электр энергиясы кымбаттады. Мындан улам эл жылуулукту үнөмдөөгө мажбур болууда.

Тургундар апрелдин мындай суук болорун күтүшкөн эмес. Бавария шаарында суук нөлгө чейин төмөндөп, кардын калыңдыгы 10 сантиметрге чейин жетүүдө. Ал арада бийлик жылуулукту үнөмдөөгө чакырып, калк үчүн газдын баасы үчтөн бирине кымбаттаганын эскертүүдө. Орусиядан отун ташып келүү токтотулгандыктан, учурда Европада отундун да баасы өсүп жатат.

Франциянын түштүк-батышында жана борбордук бөлүгүндө метеорологиялык коркунучтун «кызгылт сары» деңгээли жарыяланды. Альп тоо этектеринде 30 сантиметрге чейин кар жаады. Суук аба ырайы жана күйүүчү майдын кымбатташы – мунун баары европалыктардын нааразылыгын гана арттырууда.

Лондондо да аба ырайы суук. Британдыктар нааразылык акциясына чыгып, премьер-министр Борис Жонсондун кызматтан кетишин талап кылышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM