Биз менен байланышыңыз

Германия Орусияга каршы жаңы санкцияларды жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Апр 2022 | 222 | 0

Украинанын Буча шаарындагы окуяларга байланыштуу Германия жана ага өнөктөш өлкөлөр ушул аптада Орусияга каршы санкциялардын бешинчи пакетин даярдайт. Бул тууралуу Германиянын экономика министри Роберт Хабек билдиргенин «РИА Новости» жазды.

Хабектин айтымында, чектөөлөр маселеси боюнча акыркы кеңешмелердин аркасында Берлин Орусия менен экономикалык тирешүүдө канчалык деңгээлде бара аларын түшүнө баштады.

«Биз да көп нерсени жасай аларыбызга ишенем. Биз санкциялар канчалык таасирдүү экенин көрдүк, аны айланып өтүү мүмкүн болгон жолдорду көрдүк», — деди Хабек.

Ал ошондой эле Германия Орусиянын экономикасын туруксуздаштырууну жана алсыздандырууну уланта турганын жарыялады.

«Мен ушул аптада бешинчи санкциялар пакетинде жаңылануу болот деп эсептейм», — деди Германиянын экономика министри.

Ошол эле учурда ал Орусияга каршы кандай жаңы санкциялар талкууланышы мүмкүн экенин так айткан жок.

Буга чейин Евробиримдиктин Тышкы иштер кызматынын өкүлү Петер Стано Брюссель «Украинанын бир катар шаарларына орус куралдуу күчтөрү жасаган мыкаачылык аракеттери тууралуу кабарларды кескин айыптай турганын» билдирген. Ал ошондой эле Евробиримдик Орусияга каршы санкциялардын үстүндө иштөөнү уланта турганын белгилеген.

Кечээ, 3-апрелде Украин бийлиги жана бир катар чет элдик маалымат каражаттары орус аскерлери тарабынан Бучада жайкын тургундарын массалык түрдө өлтүргөнү тууралуу маалымат таратышкан. Орусиянын Коргоо министрлиги киши өлтүрүүгө орус аскерлеринин катыштыгы тууралуу маалыматты чагымчыл деп атаган.

Бучадагы окуялардан улам Орусия 4-апрелде БУУнун Коопсуздук кеңешин чогултууну талап кылды. Өз кезегинде Украинанын президенти Зеленский да Коопсуздук кеңешинде Орусиянын аракеттерин талкуулоону сунуш кылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM