Биз менен байланышыңыз

Түркия Украинадагы жарандарын деңиз аркылуу көчүрүүнү пландоодо

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Апр 2022 | 242 | 0

Түркиянын улуттук коргоо министри Хулуси Акар өлкөнүн Украинадагы жарандарын деңиз аркылуу эвакуациялоону пландап жатканын билдирди. Бул тууралуу «РИА Новости» жазды.

Акар: «Биз бардык жарандарды, өзгөчө Украинада кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жаткан түрк жарандарын эвакуациялоо үчүн маанилүү аракеттерди көрүп жатабыз», — деди.

Ал ошондой эле эвакуация жакынкы күндөрдө болушу мүмкүн экенин билдирди.

Буга чейин Түркия Мариуполдон деңиз аркылуу карапайым калкты жана жарадар болгон жарандарды эвакуациялоону уюштуруу үчүн кемелерди бөлүүгө даяр экенин билдирген. Коргоо бөлүмүнүн башчысы гуманитардык жардам жеткирүү жана карапайым калкты деңиз аркылуу эвакуациялоону Орусия жана Украина өкүлдөрү менен жеке өзү координациялай турганын айтып, согуштук аракеттерди токтотууга чакырган.

Орусиянын Украинага болгон чабуулу 24-февралда Владимир Путиндин аскердик операция башталганын жарыялагандан тарта уланууда. Мындан улам Украинадан 4 миллиондон ашык жаран чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Азырынча эки тараптуу сүйлөшүүлөр оң натыйжа бере элек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM