Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Германияда 60 жаштагы адам 90 жолу эмдөөдөн өткөн

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Апр 2022 | 233 | 0

Германияда 60 жаштагы жаран эмдөөдөн өтүүнү каалабаган адамдарга сертификат алып берүү үчүн бир нече жолу вакцина сайдырган. Бул тууралуу Associated Press жазды.

Маалыматка ылайык, Магдебург шаарынын тургуну Саксония федералдык штатындагы эмдөө борборлору аркылуу адамдарга жасалма сертификат алып берип турган.

Жаран Эйленбургдагы эмдөө борборуна экинчи күнү катары менен келгенде кармалган. Ал укук коргоо кызматкерлери кармаганга чейин бир нече ай ичинде 90 жолу вакцина алганы аныкталып, иш козголгон. Ошол эле учурда ден соолугуна кандай таасир бергени айтылган жок.

Кошумчалай кетсек, акыркы убакта Германиянын укук коргоо кызматкерлери жасалма эмдөө паспортун колдонууга байланышкан көптөгөн рейддерди жүргүзүшкөн.

Эске салсак, өткөн жылдын декабрь айында Италияда 50 жаштагы тургун коронавируска каршы эмдөө сертификатын алуу үчүн жазылып, бирок эмдөөдөн өткүсү келбей, медайымга колдун силикон протезин сунган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM