Эртең, 5-апрелде саат 9:00дөн 17:00гө чейин борбор калаанын айрым райондорунда таза суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельская, Ала-Арча дарыясы, Жибек-Жолу, Жаш Гвардия, БЧК, Саадаев көчөлөрү менен чектешкен аймактарда суу өчүрүлөт.
Ошондой эле Красный строитель, Ак-Тилек, Көлмө, Алтын бешик, Салам-Алик конуштарында да суу болбойт.
Сууну өчүрүү «Северный» суу алгычындагы жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу жүргүзүлөт.
Мэрия келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүнөт.