Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык суучулдар Берлинде 7 медалга ээ болду

Кыска кабар , Спорт | 4 Апр 2022 | 248 | 0

Берлинде парасууда сүзүү боюнча World Para Swimming Series Berlin-2022 мелдеши өттү. Ага Кыргызстандын да суучулдары катышты. Бул тууралуу Триатлон федерациясынан билдиришти.

Мелдештин эки күндүк оюндарында эле Кыргызстандын суучулдары 7 медалга ээ болушту. Ошондой эле 2022-жылы өтө турган Азия паралимпиада оюндарына катышууга 2 лицензия жеңип алышты.

Мелдеште Надежда Рак ар кандай аралыкта биринчи жана үч экинчи орунду ээледи. Ошондой эле Дастан Камчыбеков 1-орунду (лицензия) алды. Ал эми Жалалдин Абдувалиев 2-орунду (лицензия) багындырса, Жоомарт кызы Айтунук 3-орунду ээледи.

Кийинки турнир Бишкек чемпионаты 8-майда өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM