Биз менен байланышыңыз

Сербия: Кыргызстандын мушкерлери төрт медалга ээ болушту

Кыска кабар , Спорт | 4 Апр 2022 | 333 | 0

Кыргызстандын мушкерлери Сербияда өткөн эл аралык турнирде эки алтын, бир күмүш, бир коло медаль алышты.

Турнирде 57 кг салмак ченде Сейитбек Мунарбек уулу армениялык Артур Базеян менен беттешип, 3 раунддун жыйынтыгы боюнча калыстардын чечими менен 3:2 эсебинде жеңишке жетти. Ал эми 80 кг салмак категориясында Өмүрбек Бекжигит уулу марокколук Мохаммед Ассагир менен беттешип, аны 5:0 эсебинде жеңип алды.

51 кг салмактагы Нуржигит Дүйшөнбаев жарым финалда казакстандык Дүйнө чемпионун жеңип, финалда Англиядан келген спортчуга утулуп, күмүш медаль тагынды.

57 кг салмакта Санжар Сейдакматов коло медаль алды. Жалпы командалык эсепте Кыргызстан үчүнчү орунду ээледи.

Турнирдин алкагындагы беттештерге Мукаш Ырсалиев калыстык кылды.

Турнир Белградда 29-мартта башталып, 3-апрелде жыйынтыкталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM