Биз менен байланышыңыз

Украинадагы согуш: Орусиялык аскерлер чыгып кеткен аймактардын азыркы абалы (фото)

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Апр 2022 | 2309 | 0

Украинада согуштун башталганына бүгүн 39 күн болду. Учурда украин бийлиги Киев облусунун аймагынан орусиялык аскерлер толугу менен чыгарылганын билдирди.

Ал эми орусиялык аскерлер таштап чыгып кеткен Киевге жакын жердеги Буча шаарында массалык түрдө өлтүрүлгөн жай тургундардын сөөгү табылууда. Бир көчөдөн 20 адамдын сөөгү табылганын батыш басылмалары жазды. Ал эми Буча шаарынын мэри «Франс Пресс» агенттигине берген маегинде 280 адамдын сөөгү табылып, жерге берилгенин айтты.

Human Rights Watch эл аралык уюму Бучада Орусиянын аскерлери тарабынан аскерий кылмыштар жасалды деп айыптап чыкты. Уюм буга байланыштуу далилдер бар экенин айтууда. Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги абал боюнча комментарий бере элек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM