Connect with us

Токмоктогу метан куюучу жай толук жаңыртылды

Кыска кабар | 4 Апр 2022 | 406 | 0

Токмоктогу метан куюучу жайда мындан ары кезек күтүү болбойт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясы билдирди.

«Газпром Кыргызстан» компаниясы Токмок шаарынын четинде жайгашкан метан куюучу жайын толук реконструкциядан өткөрдү.

Жыйынтыгында станциянын кубаттуулугу эки эсеге жогорулайт: мындан ары бир эле учурда 6 машинага метан куйса болот, анын ылдамдыгы мурункуга караганда үч эсеге жогорулатылды. Бул жай жана күз мезгилиндеги жумуш убактысында кезек күтүү маселесин чечкенге жардам берет.

Аталган жайда 32 жылдан бери иштетилип келе жаткан жабдуулар жаңыртылат. Бул газдын басымын кысуу жана коё берүү ылдамдыгын 3 эсеге жогорулатат. Компрессордук орнотмолор саатына 2 миң куб өлчөмүндөгү газдын басымын кысат.

Эки түтүктүү метан куюучу 3 колонка курулат. Жыйынтыгында 6 машина бир эле учурда метан куюу мүмкүнчүлүгүн алат.

Автоматтык түрдө кургатуу тутуму орнотулат. Бул газдын сапатын жогорулатууга жардам берет, автомобилдин кубаты, кыймылдаткычтын иштөө мөөнөтү жогорулайт жана чыгым азаят.

Метан менен жылына 50 миң сомго чейинки каражатты үнөмдөөгө болот.

Ошондой эле метанды коё берүү автоматташтырылып, газды эсепке алуу боюнча жаңы система орнотулду.

Метан 92 бензинден 2,4 эсеге арзан келип, 100 чакырымга чыгымы 10 литрди түзгөн унаанын айдоочусу (күнүгө 33 чакырым жүрсө) жылына 47 миң 725 сом каражат үнөмдөй алат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM