Биз менен байланышыңыз

БУУ: Украинада 1417 жай тургун каза болгонун билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Апр 2022 | 296 | 0

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгы 24-февралдан бери Украинада 1417 жай тургун каза болгонун билдирди.

«24-февралдан 2-апрелге чейин Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгынын кеңсеси өлкөдө 3455 жарандын өлүмүн же жараат алганын каттады: 1417 адам каза тапты жана 2038 адам жарадар болду«, — деп айтылат билдирүүдө.

Каза болгондордун 293ү эркек, 201и аял, 22си кыз жана 40ы эркек бала. Андан тышкары 59 баланын жана 802 чоң кишинин жынысы азырынча белгисиз.

Жабыркагандардын жана жарадарлардын эң көп саны Киевде, ошондой эле Черкасс, Чернигов, Харьков, Херсон, Киев, Николаев, Одесса, Сума, Запорожье, Днепропетровск жана Житомир облустарында 1951 адам, анын ичинде 949 адам каза болгон.

Буга чейин БУУнун башкатчысы Антониу Гутерриш Украинанын Буча шаарындагы окуяларды көз карандысыз иликтөө зарылдыгын билдирген. Ал жакта каза болгон жарандардын сүрөттөрү аны катуу таң калтырганын белгилеп, күнөөлүүлөрдү аныктоого чакырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM