Биз менен байланышыңыз

Зеленскийдин кайрылуусу Грэммиде көрсөтүлдү (Видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Апр 2022 | 331 | 0

64-Грэмми музыкалык сыйлыктарын тапшыруу аземинде Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин видеокайрылуусу көрсөтүлдү.

Аны сахнадагы экранга Улуттук үн жазуу искусствосу жана илимдер академиясы чыгарган. Зеленский кайрылуусунда социалдык тармактар жана сыналгы аркылуу аскердик операция тууралуу «чындыкты айтууга» чакырды.

«Бизди колдон келишинче колдогула. Бирок унчукпай койбогулаОшондо тынчтык болот«, — деп суранды Зеленский.

Анын видеокайрылуусунан кийин ырчы Жон Леженд украиналык артисттер менен бирге сахнага чыгып ырдады.

Буга чейин 64-Грэмми сыйлыгын тапшыруу аземи Лас-Вегаста өткөнү маалымдалган. Азем пандемия башталгандан бери биринчи жолу толук форматта өткөрүлдү.

Эске салсак, буга чейин «Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземинде президент Зеленскийге сөз сүйлөөгө уруксат берилген эмес. Бирок көптөгөн жылдыздар уюштуруучуларды Украинанын президентин чакырууга үндөшкөн. Тасма аземи Украинадагы согушка карата позициясын өтө сейрек билдиргендиктен, коомчулуктун сынына кабылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM