Биз менен байланышыңыз

Сербия: Вучич президенттик шайлоодо жеңгенин жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Апр 2022 | 145 | 0

Кечээ, 3-апрелде Сербияда өткөн президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгында учурдагы президент Александр Вучич 68% менен алдыда келатат. Буга байланыштуу ал өзүн жеңүүчү катары жарыялады.

Ушул эле күнү мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоодо учурдагы премьер-министр Виктор Орбан жетектеген Вучичтин «Фидес-ХДНП» блогу алдыга чыкты.

Орусия-Украина согушу учуруна туш келген бул шайлоодо Александр Вучич жеңишке жетсе, анын алдында Орусияга киргизилген санкциялар маселесин чечүү турат. Себеби Сербия Орусияга санкция салбаган Евробиримдиктеги жалгыз мамлекет болуп эсептелет.

Вучич бул боюнча Сербия бейтарап позицияда кала берерин, анын ичинде Орусия менен да жакшы мамилесин сактап калууга аракет жасаарын буга чейин маалымдаган.

«Сербия жаңыланган: туруктуулуктун, бейпилдиктин, тынчтыктын жана албетте элибиз үчүн өтө маанилүү болгон экономикалык бакубаттуулуктун жолуна барат деп үмүттөнөм. Эл ушундай чечет деп ишенем. Алар Сербия эң тез өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн бири боло турган саясатты улантууну тандашат», — деген саясатчы.

Белгилей кетсек, кечээ 3-апрель күнү Сербияда президенттик жана мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM