Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада 13 өрт кырсыгы катталып, 1 адам каза тапты

Кыска кабар | 4 Апр 2022 | 183 | 0

Кыргызстанда акыркы суткада 13 өрт кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Бүгүн, түнкү саат 4:14 чамасында Москва районунун Садовое айылындагы турак үйдөн өрт чыгып, 65 жаштагы К.В. аттуу эркек киши каза тапкан. Өрттүн чыгуу себеби такталууда.

Ошондой эле Бишкектин Бөкөнбаев көчөсүндөгү «Эконом» дүкөнүн да өрт чалган.

Андан тышкары Бишкекте дагы 3 жерде, Чүй облусунда 2 жерде, Ысык-Көл облусунда, Ош облусунун Кара-Суу районунда өрт чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM