Биз менен байланышыңыз

Балыкчыда канализация тутуму курула баштады

Кыска кабар | 3 Апр 2022 | 317 | 0

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын күн батыш тарабына 10,7 чарчы метр канализация тутуму курулат. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

1-апрелде курулуш иштери башталып, ага президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов катышты.

Түтүктөр Тыныстанов, Тоголок Молдо, Мамбеталиев, Токтосунов, Каралаев, Калдыбаев көчөлөрү аркылуу өтүп, саркынды суулар Озерный көчөсүндөгү насостук станцияга куюлат.

Ысык-Көл облусунун жетекчиси Алтынбек Сулайманов бул долбоорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүп жаткан Азия өнүктүрүү банкына ыраазычылык билдирди.

«Курулуш иштери аяктаса Балыкчы шаарынын калкынын 35-40%ы канализацияга кошула алышат. Буга чейинки канализация тутуму шаардын 40%ын гана камтычу. Долбоор аяктаса шаардын 80%ы канализацияга туташат. Ошондой эле Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында канализация тутумдары курулат», — деди Сулайманов.

Долбоордун жалпы суммасы 957 миң долларды түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM