Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын күн батыш тарабына 10,7 чарчы метр канализация тутуму курулат. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
1-апрелде курулуш иштери башталып, ага президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов катышты.
Түтүктөр Тыныстанов, Тоголок Молдо, Мамбеталиев, Токтосунов, Каралаев, Калдыбаев көчөлөрү аркылуу өтүп, саркынды суулар Озерный көчөсүндөгү насостук станцияга куюлат.
Ысык-Көл облусунун жетекчиси Алтынбек Сулайманов бул долбоорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүп жаткан Азия өнүктүрүү банкына ыраазычылык билдирди.
«Курулуш иштери аяктаса Балыкчы шаарынын калкынын 35-40%ы канализацияга кошула алышат. Буга чейинки канализация тутуму шаардын 40%ын гана камтычу. Долбоор аяктаса шаардын 80%ы канализацияга туташат. Ошондой эле Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында канализация тутумдары курулат», — деди Сулайманов.
Долбоордун жалпы суммасы 957 миң долларды түзөт.