Бүгүн, Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун Максим Горький сейил багынан башка аймактарга митинг өткөрүүгө тыюу салган чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле бүгүнкү кармап кетүүлөр боюнча да түшүндүрмө берди.
Шаардык милициянын айтымында, Украинаны колдогон митингдин катышуучулары сейил бактан чыгып, Орусиянын элчилигинин алдына барууга аракет жасашкан. Милиция кызматкерлеринин эскертүүлөрүнө баш ийишкен эмес. Ушул себептен аларды кармап, Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө алып кетишкен.
Ал эми андан мурдараак өткөн Орусия бийлигин колдогон митингдин катышуучулары өз ойлорун, көз караштарын парктын айланасынан чыкпай, мыйзамдан четтебей билдиришкен.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тастыкталбаган, жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.