Биз менен байланышыңыз

БШК: Шайлоо күрөөсүнүн 4,1 млн сому бюджетке которулат

Кыска кабар | 1 Апр 2022 | 341 | 0

Быйылкы жылдын 27-февралында Бишкектин Биринчи Май жана Свердлов бир мандаттуу округдарында кайталап шайлоо өткөн.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 1-апрелдеги жыйынында көзөмөл-текшерүү тобу депутаттыкка талапкерлердин шайлоо күрөөлөрүнөн БШКнын депозиттик эсебине түшкөн акчанын суммасы, кайтарылууга тийиш болгон шайлоо күрөөлөрүнүн суммасы жана калган каражаттар боюнча маалымат берди.

Өнөктүктүн жүрүшүндө БШКнын депозиттик эсебине 56 талапкерден түшкөн күрөөнүн суммасы 5 млн 600 миң сом болду. (56 талапкерден 100 миң сомдон).

Анын ичинен берилген арызга ылайык, талапкердин бирөө каттоодон четтетилген, төрт талапкер шайлоого катышуудан баш тарткан.

Ошентип, шайлоо күрөөсү боюнча БШКнын депозиттик эсебине түшкөн 5 млн 600 миң сомдун ичинен талапкерлерге кайтарылып берилүүчү сумма 1 млн 500 миң сом.  (1 000 миң сом — добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча, 500 миң сом — шайлоо бюллетенинин тексти жана формасы бекитилгенге чейин шайлоого катышуудан баш тарткандар);

Республикалык бюджетке которула турган жалпы сумма 4,1 млн сом болду.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында шайлоочулардын 5 пайызынан кем эмес добушун алган жана шайлоо фондунун өлчөмү, бардык булактары, чыгымдары жөнүндө каржылык отчёт берген он талапкерге 1 000 миң сом өлчөмүндө күрөө кайтарылып берилет.

Алар: 

№27 Биринчи май шайлоо округу

Нурбек Тотонов — 18,43%,

Эльвира Сурабалдиева — 47,97%,

Нурбек Токтакунов — 5,55%.

№29 Свердлов шайлоо округу

Зуфар Хакимходжаев — 7,96%,

Шайлообек Атазов — 18,10%,

Элнура Алканова — 10,18%,

Аскар Алмаз уулу — 14,06%,

Ирина Карамушкина — 10,23%,

Абдурахманхаджи Муртазалиев — 19,52%,

Аида Салянова — 5,71%.

Copyright © 2017 Maral FM