Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик ипотекалык компанияга 400 млн сом бөлүндү

Кыска кабар | 1 Апр 2022 | 571 | 0

Мамлекеттик ипотекалык компанияга быйыл 8 млрд сом бөлүү каралган. Анын 400 млн сомун Финансы министрлиги бөлүп берди.

Бул тууралуу 1-апрелде Жогорку Кеңештин «Ишеним» фракциясынын жыйынында компаниянын жетекчиси Аида Төлөгөнова кабарлады.

Анда «Арзан турак жай-2015-2020» программасын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат угулуп, «Менин үйүм-2021-2026» программасын ишке ашыруунун жолдору талкууланды.

8 млрд сомдун 3,5 млрд сомун аймактардагы турак жай курулушун каржылоого багыттоо пландалды. Биринчи кезекте Баткен районунун чек ара айылдарынын тургундары үчүн көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталат.

Тактап айтканда, Максат жана Ак-Сай айылдары тандалып алынган. Андан ары бардык аймактарда көп кабаттуу үйлөрдү куруу мерчемделүүдө.

Маалыматка караганда, «Менин үйүм-2021-2026» программасына катышуу үчүн 34 миң 345 жаран катталган. Каржылоо башталгандан бери, тагыраагы, 2021-жылдан тарта жалпы 1,6 млрд сомго 732 ипотекалык насыя берилди.

«Менин үйүм 2021-2026» программасынын негизинде бюджеттик тармактын кызматкерлерине жеңилдетилген ипотека жылына 4% менен берилет. Ал эми жеткиликтүү ипотека жылына 8% менен бардык категориядагы жарандарга берилүүдө.

Ипотекалык кредиттер 3 өнөктөш банк аркылуу чегерилүүдө: «Айыл Банк», «РСК Банк», «Бакай Банк».

Copyright © 2017 Maral FM