Connect with us

Өзбекстандын өкмөт башчысын шаңдуу тосуп алышты (сүрөттөр)

Кыска кабар | 1 Апр 2022 | 309 | 0

Бүгүн, 1-апрелде Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга келди. Аны «Ош» эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Бүгүн эки өлкөнүн өкмөт башчылары жолугушуу өткөрөт, ошондой эле президенттин чек арага жакын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын чектеш облустарынын акимдеринин кеңешинин төртүнчү жыйынына катышат.

Мындан тышкары Акылбек Жапаров жана Абдулла Арипов Лейлек районунун Маргун айылындагы мектептин ачылышына видеобайланыш аркылуу катышат.

Copyright © 2017 Maral FM