Connect with us

Орусия ФИФАдан чыгарылган жок

Кыска кабар , Спорт | 1 Апр 2022 | 435 | 0

Катарда ФИФАнын 72-конгресси өттү. Анда Пакистан, Зимбабве жана Кения мамлекеттеринин ФИФАга мүчөлүгүн токтотуу чечими кабыл алынды. Жолугушууга Александр Алаев башында турган Орусия футбол союзу да катышты.

Буга чейин Орусияны ФИФАдан чыгаруу же мүчөлүгүн убактылуу токтотуу сунушу берилген, бирок бул маселе Конгресстин тиешелүү модулунда көтөрүлгөн эмес.

Эске салсак, ФИФА жана УЕФА Орусиянын улуттук курамасын да, клубдарын да быйылкы сезондо эл аралык турнирлерге катышуудан четтеткен.

Жалпыга маалымдоо каражаттары Орусиянын футбол союзу УЕФАдан чыгарылган же мүчөлүгү убактылуу токтотулган учурда Азия футбол конфедерациясына (АФК) кире аларын жазышкан. Мындай тажрыйба буга чейин да болгон: Израиль 1990-жылы АФКдан чыгып, УЕФАнын катарына кошулган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM