Биз менен байланышыңыз

Футбол-2022: Дүйнө чемпионатына миллионго жакын билет сатылды

Кыска кабар , Спорт | 1 Апр 2022 | 375 | 0

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) Дүйнө чемпиондугунун матчтарына билет сатуунун биринчи этабында 804 миң 186 билет өткөн. Бул маалымат уюмдун сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, билет сатып алуу боюнча Катар, АКШ, Англия, Мексика, БАЭ, Германия, Индия, Бразилия, Аргентина, Сауд Аравиянын жарандары жигердүүлүгүн көрсөтүшкөн.

Уюм ошондой эле жеке оюндарга билет сатып алуу да эң популярдуу болуп жатканын айтты. Футбол күйөрмандарын көбүрөөк Дүйнө чемпионатынын ачылышы жана турнирдин финалы кызыктырууда.

Билет сатуунун кийинки этабы 5-апрелде Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дөн тарта белгиленген.

Белгилей кетсек, футбол боюнча Дүйнө биринчилиги ушул жылдын 21-ноябрында башталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM