Биз менен байланышыңыз

ФИФАнын рейтингинде Кыргызстандын футболчулары 95-орунга көтөрүлдү

Кыска кабар , Спорт | 1 Апр 2022 | 431 | 0

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) март айындагы рейтингинде 96-орундан 95-орунга көтөрүлдү. Маалымат федерациянын расмий сайтына жарыяланды.

Рейтинг Өзбекстандын Наманган шаарында өткөн Navruz Cup-2022 эл аралык турниринин жыйынтыгына карап чыгарылган.

Айта кетсек, бул турнирде Кыргызстандын курама командасы Өзбекстанга 1:3 эсебинде, Тажикстанга 0:1 эсебинде утулуп, төртүнчү орунду алып калган. Муну менен Кыргызстандын футболчулары март айында 1218 упай топтогон.

ФИФАнын айлык рейтингинде биринчи орунду Бразилия курама командасы ээлеген. Алдыңкы ондукка Белгия, Франция, Аргентина, Англия, Италия, Испания, Португалия, Мексика, Нидерланды командалары кирген.

Ал эми Борбор Азия мамлекеттеринен Өзбекстан 83-орунга, Тажикстан 114-орунга, Казакстан 125-орунга, Түркмөнстан 134-орунга жайгашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM