Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк дагы 14,5 млн доллар сатып алды

Кыска кабар | 1 Апр 2022 | 218 | 0

Улуттук банк валюта базарында долларды накталай сатып алуу үчүн интервенция жасады. Бул тууралуу банктын маалымат кызматы билдирди.

Улуттук банк 14,5 миллион доллар сатып алган. Буга чейин 30-мартта банк валюта базарынан 5,4 миллион доллар сатып алган.

Жалпысынан март айында Улуттук банк 19,9 миллион доллар сатып алды.

Кыргызстанда ушул күндөрү АКШ долларынын курсу төмөндөп жатат. 24-февралда Украинага Орусиянын кол салуусунан кийин Кыргызстанда да доллардын курсу кескин көтөрүлгөн. Акыркы аптада кайра төмөндөп жатат.

1-апрель саат 10:00гө карата өлкө банктарында доллардын курсу 79 сомдон башталып, сатуу 81 сомдон болууда.

Улуттук банктын расмий курсу 1-апрелге карата 82 сом 46 тыйын деп белгиленген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM