Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Жал-29 кичи районуна бала бакча салынат

Кыска кабар | 1 Апр 2022 | 477 | 0

Бишкектин Жал-29 кичи районуна бала бакча салынат. Бул маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.

Тендерди борбор калаанын капиталдык курулуш башкармалыгы өткөзүп жатат. 140 орундуу имараттын курулушуна 119 миллион 41 миң 95 сом бөлүнгөн.

Башкармалык мындан тышкары №20 жана №40 мектептерге кошумча корпус салуу үчүн да тендер жарыялаган. Ага 414 млн 419 миң 998 сом жана 371 млн 547 миң 868 сом (жалпы 785 млн 967 миң 866 сом) каралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM