Биз менен байланышыңыз

Чүй: Honda Stepwgn унаасы кырсыкка учурап, эки бала каза тапты

Кыска кабар | 1 Апр 2022 | 338 | 0

Москва районунун Төлөк айылындагы жол кырсыктан 2 адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя кечээ, 31-мартта болгон. Honda Stepwgn унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, жол жээгиндеги даракты сүзгөн.

Кырсыктан 2002-жылы туулган эки бала, 2001-жылы туулган жана 2005-жылы туулган эки кыз, аты-жөнү тактала элек 2 бала жаракат алып, 2001-жылы туулган бир бала жана аты-жөнү тактала элек бир бала каза тапкан.

Жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 5 куткаруучу барып, көз жумгандардын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жабыркагандар Москва райондук ооруканасына жаткырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM