Москва районунун Төлөк айылындагы жол кырсыктан 2 адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Окуя кечээ, 31-мартта болгон. Honda Stepwgn унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, жол жээгиндеги даракты сүзгөн.
Кырсыктан 2002-жылы туулган эки бала, 2001-жылы туулган жана 2005-жылы туулган эки кыз, аты-жөнү тактала элек 2 бала жаракат алып, 2001-жылы туулган бир бала жана аты-жөнү тактала элек бир бала каза тапкан.
Жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 5 куткаруучу барып, көз жумгандардын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Жабыркагандар Москва райондук ооруканасына жаткырылган.