Биз менен байланышыңыз

Элдик курултай: Кайсы аймактан канча киши мүчө болот?

Кыска кабар | 1 Апр 2022 | 975 | 0

Элдик курултайга ар бир айыл аймактан 1, 30 миңден ашык калкы бар шаарлардан 2, Ош шаарынан 10, Оштогу жаңы конуштардан 5, Бишкек шаарынан 20, Бишкектин жаңы конуштарынан 20, «Кыргыз эл биримдиги» коомунан 40, Кыргызстан эл ассамблеясынан 30, расмий катталган чыгармачыл союздардан 8, Кесиптик кошуундар федерациясынан 10, илимий тармактан 10, билим берүү тармагынан 10, чет өлкөдөгү кыргыз жарандарынан 20 адам мүчө болот.  Бул тууралуу «Элдик курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамдын долбоорунда жазылган.

Ага 21 жашка толгон кыргыз жараны үч жылдык мөөнөткө шайланат. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жергиликтүү жана Жогорку Кеңештин депутаттары, соттолгон жарандар мүчө боло албайт. Мыйзам долбооруна ылайык, 700гө жакын өкүлчүлүк сунушталууда. Алар ачык добуш менен элдик жыйындарда тандалып алынат.

«Элдик курултай жөнүндө» мыйзамдын долбоору коомдук талкуудан алынгандан кийин жумушчу топ келип түшкөн сунуштарды карап чыгып, толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизип, андан соң президенттин атынан Жогорку Кеңешке сунуштайт. Парламент мыйзам боюнча үч окууда карап добуш берет же четке кагат. Мыйзам долбоору 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирери болжолдонууда.

«Элдик курултай жөнүндө» Конституциялык мыйзамдын долбоорун талкуудан 3-апрелде алынат.

Copyright © 2017 Maral FM