Биз менен байланышыңыз

Кытайда Boeing-737 кыйраган жерде издөө-куткаруу иштери аяктады

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Мар 2022 | 350 | 0

Кытайда Chins Eastern Airlines авиакомпаниясынын Boeing-737 жүргүнчү учагы кулаган жерде издөө-куткаруу иштеринин негизги бөлүгү аяктады. Бул тууралуу Кытайдын Жарандык авиация башкармалыгынын авиациялык коопсуздук кеңсесинин башчысы Чжу Тао билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.

Анын айтымында, издөө-куткаруу иштери аяктагандан кийин адистер чогулган маалыматтарды талдап, кырсыктын жагдайларын изилдөөгө киришет. Ошондой эле иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгы кырсык болгон күндөн тартып 30 күндүн ичинде даяр болот. Толук отчёт коомчулукка тергөө аяктагандан кийин жарыяланат.

Эске сала кетсек, 21-мартта Кытайдын түштүгүндө Boeing 737 жүргүнчү учагы кулап түшкөн. Ал Куньминден Гуанчжоуга бара жаткан. Учакта 32 жүргүнчү, 9 экипаж мүчөсү болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM